Abank
SerepTV Logo

"Абакта өлүшү мүмкүн, бирок бийлик аны эч качан тизелете албайт!" Атамбаевдин үй-бүлөсү билдирүү таратты

"Абакта өлүшү мүмкүн, бирок бийлик аны эч качан тизелете албайт!" Атамбаевдин үй-бүлөсү билдирүү таратты
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү анын медициналык кароосунун жыйынтыгы менен бөлүшүп, билдирүү таратышты. "Тилекке каршы, күтүлгөндөй дээрлик үч жылга эркинен ажыратуу Атамбаевдин ден соолугун кескин начарлаткан. Бул камалганга чейинки жана андан кийинки маалыматтардын салыштырма анализинде көрсөтүлөт. 2018-жылдагы КТда жүрөк жана тамырлар таза болсо, азыр жүрөктүн стенокардия жана аортанын атеросклерозу жана стеноз менен коронардык тамырлар аныкталды. Ушул жылдын 23-мартында ИИМдин кызматкерлери тарабынан күч колдонуудан кийин, экс-президентти камерадан колу-бутунан сүйрөп чыкканда, МРТда чыканак жана омуртка грыжасы аныкталган. 23-марттан кийин мурдагы президенттин ден соолугу кескин начарлаган. МРТнын жыйынтыгы ЖАКтын кызматкерлери Атамбаевдин омурткасына залал келтиргенин көрсөтөт. Кызыл өңгөчүнүн Баррет диагнозуна жана пациенттин абалына байланыштуу эки операция сунушталат, бирок эки операцияны тең, тилекке каршы, биздин өлкөдө жүргүзүү мүмкүн эмес.
Сот экс-президентти медициналык кароодон өткөрүүгө уруксат берди, бул үчүн биз судьяга ыраазыбыз. Эми биз анын дарылоонун бүт курсун, бардык керектүү процедураларды жана операцияларды бүтүрүшүн камсыз кылабыз. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы менен сунуш кылынган дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн аткарууга бул жолу бийлик бут тоспойт деп ишенебиз. Бийликтегилер акыркы учурга чейин жада калса медициналык кароодон өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн да ажыратышты. Алар, кыязы, ал чыдабай, сынып калат үмүт кылышкан окшойт. Бирок алар жаңылышат. Түрмөдө өлүшү мүмкүн, бирок бийлик аны эч качан тизелете албайт! Алар анын үйүн тартып ала алышат, бирок биз күн сайын сезип жаткан миңдеген кыргызстандыктардын колдоосун жана тилектештигин, мекенин тартып ала алышпайт! Бул үчүн баарыңыздарга чоң рахмат! Чындык менен адилеттик эртеби-кечпи жеңерине ишенебиз! Баары жакшы болоруна ишенебиз жана атасынын келишин күтөбүз! Аны менен үйүбүздө жолугабыз!" - деп жазылат билдирүүдө.