Abank
SerepTV Logo

7-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-майда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаайт, бийик тоолуу райондоруна кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28, Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26, Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22, Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22, Бишкек шаарында түнкүсүн 12…14, күндүз 26…28°.