Royal
SerepTV Logo

7-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-майда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29, Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21, Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29 градуска чейин жетет.