Royal
SerepTV Logo

6-майда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

6-майда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 6-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+27, Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+27, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25, Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +25…+27 градус болот.