Royal
SerepTV Logo

6-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

6-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
6-июнга караган түнү Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30, Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32 градус ысык болот.