Royal
SerepTV Logo

36 жылдан бери ремонттун бетин көргөн эмес... Караколдогу автобекет оңдолот

36 жылдан бери ремонттун бетин көргөн эмес... Караколдогу автобекет оңдолот
Президенттин тапшырмасы менен Каракол шаарындагы автобекет оңдолуп, айланасы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт министри Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасына жазды. "1988-жылы колдонууга берилген бул имарат бүгүнкү күнгө дейре капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Мындан улам автобекеттин чатыры жараксыз абалга келип, андан кирген жаан-чачын, эриген кардын суулары ички дубалдарын уратып, айрым бөлмөлөрү такыр жарактан чыгып калган. Автобекеттин башкы имараты Каракол шаардык Кеңешинин токтомунун негизинде тарыхый-маданий жана архитектуралык обьектилердин тизмесине киргизилген. Имараттын абалы менен таанышып чыгып, тиешелүү маалымат алган соң, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү менен айланасын асфальттоо тапшырмасын бердим", - деп жазылат постто.