Abank
SerepTV Logo

31-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

31-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 31-майда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28 градус жылуу болот.