Royal
SerepTV Logo

30-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
30-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +24…+26 градус жылуу болот.