Abank
SerepTV Logo

30-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

30-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 30-декабрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Баткен, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5; Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5; Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6; Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10; Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +3…+5 градус болот.