Royal
SerepTV Logo

30-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 30-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18, Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.