3 күн Боомдогу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Каттам бир тараптуу жабылат
10-майдан 13-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолунан" билдиришти.
Жумуштар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
"Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет. Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.