Royal
SerepTV Logo

29-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 29-майда күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18; Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19 градус жылыйт. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 21…23° жылуу болот.