Royal
SerepTV Logo

29-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 29-апрелде күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+6, күндүз +12…+17, Баткен өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18, Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +17, +19 градус болот.