Royal
SerepTV Logo

28-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 28-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25, Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…18, күндүз 16…21, Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22, Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 23…25° болот.