Abank
SerepTV Logo

27-29-апрелде өлкөдөгү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

27-29-апрелде өлкөдөгү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 27-апрелден 29-апрелге чейин өлкөдөгү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө.
  • Бишкек – Ош унаа жолунун 207-224 чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
“Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелүүсү зарыл”,- дешти.