"25 жылдан кийин өз апамды тапсам, "жашооңду өзүң эпте" деп, экинчи жолу менден баш тартты" дейт каарманыбыз
Бул жолу SUPERTV телеканалына өзүнүн башынан өткөн оор тагдыры башкаларга сабак болуусун каалаган каарманыбыз кайрылды. Ал көп жылдан бери кулчулукта жүргөнүн, 25 жылдан кийин таштап кеткен апасын таап, тилекке каршы ал экинчи ирет да баш тартканын, эми атасын издеп жатканын айтат.
Каарманыбызды ата-энеси аны төрөлгөндө эле таштап кеткенин айтат. Ал Чүйдөгү балдар үйүндө тарбияланган. Ошол жерде аны бир аял багып алган. Бирок кыз ойлогондой анын жашоосу өзгөргөн деле эмес. Өгөй апасы мажбурлап, колуна кетмен көтөртүп, талаа жумуштарына чыгарып, кордук көрсөткөнүн айтат. Ал аял менен 7 жыл жашап, 7 жыл зомбулукка туш болгон.
"7 жылдан кийин ал аялдын үйүнөн кеттим. Балдар үйүнө келгем. Ал жерде 3 жыл жүрдүм. Дайыма дарбазаны карап, апамды күттүм. Кудайдан "апам келип калсынчы" деп тилендим. Мектепти бүткөн соң, барарга жерим жок калды. Курбу кызымдын үйүндөгүлөргө кыз болуп бардым. Жакшы мамиле кылышчу. Анан ал айтты "менин ата-энем Сары-Камышта жашайт, ошол жакка барабыз" дешти. Мен макул болуп бардым. Мен дагы алданыптырмын. Үйүндө мал кайтарган бала бар экен, ошого мени жабыштырып баштады. Анан бир күнү ошол малчы жигит менен чогуу төшөк салып берип койду. Ал түнү өзүнчө жаттык да, мен кетпесем болбойт дедим. Аял мени каргап баштады. Алар мени малчыга турмушка бермек экен да, экөөбүздү ошол жерде кармамак экен", - дейт ал.
Каарманыбыз турмушка чыкканын айтат. Учурда анын 6 жаштагы кызы бар. "Ал күйөом мени сабачу. Кайненем уруштуруп койчу. Күйөөм чачымдан кармап, дубал сүздүртүп жүрдү. Анан айла жок ажыраштык. 2019-жылы кетип калдым. Шаарга келдим", - дейт келин.
Ал апасын тапканын айтат. "Апам таштап кеткен үчүн кулчулукту көрдүм. Аны таштап кетким келген жок. Мен апама окшош эмес экем. Көңүлүм тынч болуп жүрдүм. Жазышып жүрдүк. Кийин жооп бербей калды. Мени кара тизмеге киргизип салыптыр. Башка номур менен чалдым. "Сен кичинекей кыз эмессиң, өзүңдүн жашооңду өзүң эпте" деди. 25 жылдан кийин апамды тапсам, кайра бат эле таштап кетти. 6-июнда апамдын үйүнө бардым. Күйөөсү чыгып, апамды чакырды. Бетинен өбөйүн десем, өптүрбөй койду. Мен аны кечиргем да. Атам жөнүндө сурадым. "Сенин атаңдын ким экенин билбейм, атаңды тааныбайм, ал мени зордуктап салган" деп нес кылды. Мен ага ишенген жокмун. Апам менден 2-жолу баш тартты", - дейт ыйлаган каарманыбыз.