Royal
SerepTV Logo

25-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

25-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 25-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19… +24, Талас жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +23…+28, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +16…+21, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз + 13…+18. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +21…+23 градус болот.