Royal
SerepTV Logo

24-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 24-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21… +26, Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +23…+28, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +16…+22, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз + 16…+21. Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.