Abank
SerepTV Logo

Бүгүн жана эртең тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн

Бүгүн жана эртең тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн

23-24-майда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кар көчкү түшүшү мүмкүн болгон ашуулар: 

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарында Чон-Ашуу ашуусу;
Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында Сөөк ашуусу. ❗ Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.