Royal
SerepTV Logo

22-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
22-майда күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20, Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүзгү +20…+22 градус болот.