21-июндан Бишкек-Үрүмчү авиакаттамы кайра жанданат
21-июндан тартып Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү авикаттамы жанданмакчы. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен маалымдашты.
"Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү авиакаттамы "Түштүк-кытай авиажолдору" компаниясы аркылуу ар шейшемби күндөрү жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Кыргызстан менен Кытай ортосундагы аба каттамдары 2020-жылы март айында ковид пандемиясына байланыштуу токтотулган.