Royal
SerepTV Logo

Тоолуу аймактарда кар жаайт. 20-майга күтүлгөн аба ырайы

Тоолуу аймактарда кар жаайт. 20-майга күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 20-майда түнкүсүн Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт, Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29; Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +16…+21; Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +15…+20; Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +26…+28 градус болот.