Royal
SerepTV Logo

20-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
20-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Аба температурасы: Чүй облусуда түнкүсүн +9…+14, күндүз +15…+20 Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19 Баткен облуcунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +20…+25 Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +20…+25 Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20 Нарын облусунда  түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20. Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.  Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүзгү  +16…+18° жылуу болот.