20-июндан баштап Бишкектин Биринчи Май районунда батуттарга тыюу салынат
20-июндан баштап Биринчи Май районунда орнотулган батуттардын баары алынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.
"Жылуу күндөрдүн башталышы менен сейил бактарда жана сейилдөө аймактарында балдар ойноочу батуттар пайда болот. Бул биринчи кезекте балдардын жана алардын ата-энелеринин коопсуздугуна чоң коркунуч туудурат. 20-июндан баштап Биринчи Май районунда белгиленбеген жерлерде: сейил бактарда, скверлерде, тротуарларда, бульварларда жана башка жайларда батуттарды колдонууга толук тыюу салуу күчүнө кирет. Батуттарды жабык же адистештирилген жайларда, ири соода борборлорунда жана оюн-зоок парктарында гана орнотууга туура келет", - деп жазылат маалыматта.