Royal
SerepTV Logo

2-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

2-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
2-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн дээрлик жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22; Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 28…30° ысык болот.