"18 жашымда ала качып, турмушка чыктым. Күйөөм шаарда такси айдап жүрүп бирөөнү таап алыптыр" дейт жалгыз бой эне
SUPERTV бул жолу 29 жаштагы 4 балалуу жалгыз бой эненин тагдырын баяндайт. Каарманыбыз “Күйөөм сулууланып, өзүн каранып жүргөн келинге кетип калды. Ал ойношу менен кетсе да, кайненем менен жашап жүрө бердим” дейт. Бала кезинде да кордук көрүп чоңойгонун айткан Жайнагүл Сүйүналиева башынан өткөн оор тагдырын айтып берди.
Каарманыбыз өгөй атасынын айынан мектепте да жакшы окуган эмес. Өгөй атасы өгөйлөп, апасы кызын бай сиңдисине берип салган. Ал жерде кыз таежесинин балдарын багып жүрүп, турмушка чыккан. "7-8-классты окубай калгам. Мектепке кайра келсем, жетекчилик окубаптырсың деп албай коюшту. Ошол жерде колунда бар эже бар экен. Кыздарымды карап берчи деп суранган. Баласын акча үчүн 8-9 ай карап бердим. Анан эжемдикине кеттим. Башыма сүйүү келди. Бала карагым келбей, эжемдин уруштарына чыдабай, апама кеттим. Өзүмдүн атам ошол учурда паспорт алып берем деп чакырып калды. Февраль айы болчу. Анан ошол жактан күйөөм ала качып кетти. 18 жашта болчумун. Жакшы эле жашап жүргөнбүз. Бишкекке келип-кетип жүрчү. Мен үйдө балдар менен отурчумун. Күйөөм шаарда такси айдачу. Өзүнүн унаасы бар болчу. Көрсө, бул жакта бирөөнү таап алыптыр", - дейт келин.
Ал күйөөсүнүн ала жипти аттаганын билген соң, үй-бүлө бузулган. "Кичүү кызымды төрөгөн соң, апамдыкына деле барган жокмун. Кызым 2 айлык болгондо, иним үйлөнөм деп айылга бардым. Жакшы эле жөнөткөн. "Сен ал жакта 10 күн жүрүп калдың, келбе, сени менен жашабайм" дей баштады. Ошентип уруш башталды. Анын көзүмө чөп салганын кийин билдим. Чалсам албайт же өзү жазбайт. Жүрөгүм сезди. Акыры келет деп ойлодум. Бир күнү телефонун ачып карасам, сүрөттүн баарында экөө түшкөн сүрөттөр экен. Тигил аялдын да эки баласы бар экен", - дейт ыйлап келин.
https://youtu.be/lCQ46SbEDEg