Abank
SerepTV Logo

17 жаштагы Адинай Асаналиеваны милиция да издей баштады

17 жаштагы Адинай Асаналиеваны милиция да издей баштады
Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп жаткан Адинай Асаналиева изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн, 18-майда милицияга жаран кайрылып, анын кызын 2004-жылы туулган  Адинай Асаналиеваны табууга көмөктөшүүнү суранган. Издөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын жакындары кайрылышып, анын 16-майда Арча-Бешик конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барбаганын, ошол бойдон телефону өчүк болуп жатканын айтышкан. Эгерде сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, +996 505 975 795, +996 550 888 079 номурларына кайрылсаңыздар болот.