Royal
SerepTV Logo

Чүйдө 16 жаштагы кызды жакындары издөөдө

Чүйдө 16 жаштагы кызды жакындары издөөдө
16 жаштагы Кадырова Айдана Ойлобековна 27-май күнү Пригородное айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Карындашынын жоголгону тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине агасы билдирди. "Айдана кечке маал саат 5терде "курбумдукуна барам" деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатат. Ошол күнү ак жоолук оронуп, кара көйнөк кийип алган болчу. Курбуларына чалсак, алар билишпейт экен. Телефону өчүк болуп жатат", - дейт агасы. Жакындарынын номери: 0707 048 701.