Abank
SerepTV Logo

15-19-март күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

15-19-март күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

15-марттан 19-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кар көчкү күтүлүп жаткан ашуулар:

❗️Бишкек-Ош унаа жолунун: 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
198-260 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
❗️Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун: 1-14 чакырымы (Өтмөк ашуусу);
❗️Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун: 70-107 чакырымы;
❗️Казарман - Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымы (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чакырымы (Кара-Гөө ашуусу);
❗️Арал - Миң-Куш унаа жолунун: 1-14 чакырымы;
❗️Каракол-Эңилчек унаа жолунун: 45-50 74-86 чакырымы (Чон-Ашуу ашуусу);
❗️Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун: 52-68 чакырымы (Сөөк ашуусу).