Royal
SerepTV Logo

111 менчик медициналык клиника, кабинеттер жабылат

111 менчик медициналык клиника, кабинеттер жабылат
Атайын түзүлгөн комиссиянын медициналык ишканаларды текшерүү учурунда 111 клиника, кабинеттердин лицензиялык талапка жооп бербегени аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Жалпысынан 370 клиника, кабинеттер текшерүүгө алынып, анын арасында 111 ишкана талапка жооп берген эмес. Андыктан аларды жабуу тууралуу акт түзүлдү. Ошондой эле инфекциялык көзөмөлдү сактабагандыгы үчүн 148 жеке клиника, кабинеттерге санитардык-эпидемиологиялык эскертүү берилип, айып пул салынат.