Royal
SerepTV Logo

11-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

11-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Эртең, 11-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +18…+23, Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +22…+27, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22, Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22. Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +20…+22 градус болот.