Royal
SerepTV Logo

11-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 11-июнда Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Талас облусунун көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36, Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34, Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27, Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +32…+34 градус болот.