SerepTV Logo

Зеленский Украинаны калыбына келтирүү үчүн канча акча кетерин айтты

Зеленский Украинаны калыбына келтирүү үчүн канча акча кетерин айтты

Украинанын президенти Володимир Зеленский Украинаны калыбына келтирүүгө 600-800 миллиард доллар сарпталарын айтты. Бул тууралуу ал Франциянын Ишкердик кыймылына кайрылуусунда билдиргенин 5.ua телеканалы маалымдады.

"Бул сумма ачык. Биз талдоо далилдеген аналитика менен ушундай көлөмдө кыйроо болду деп эсептейбиз. Баарын жаңыдан калыбына келтирүү үчүн болжол менен ушундай акча керек”, - деди Зеленский.

Ал ошондой эле согуштук аракеттер бүтө элек болгондуктан, өлкөнү калыбына келтирүү үчүн талап кылынган так сумманы айтуу кыйын экенин белгиледи. Зеленский айрым инфраструктураны, анын ичинде билим берүү, порт, транспорт жана турак жайларды калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

edita