SerepTV Logo

Юбилейлик Канн кинофестивалы Зеленскийдин сөзү менен ачылды

Юбилейлик Канн кинофестивалы Зеленскийдин сөзү менен ачылды
17-майдан тартып Франциянын Канн курорттук шаарында эл аралык Канн кинофестивалынын 75-юбилейлик салтанаты старт алды. Бул ирет фестивалдын ачылышы саясий нукта, өзгөчө болду. Ачылыш аземинде Украина президенти Володимир Зеленскийдин кайрылуусу жаңырды. Ошондой эле америкалык актёр Форест Уитакер куттук сөзүн айтып, зомби тууралуу треш-комедия көрсөтүлдү.
Жалпысынан сынакка 18 кино ат салышкан. Калыстар тобун француз актёру Венсан Линдон жетектөөдө.
info