SerepTV Logo

"Үйгө келгендей болдум". Беларусь президенти Тажикстанга барды

"Үйгө келгендей болдум". Беларусь президенти Тажикстанга барды
Беларусь президенти Александр Лукашенко Тажикстанга расмий сапар менен келгенин Беларусь президентинин сайтында билдирди. Беларусь лидерин премьер-министр Кохир Расулзода, айыл чарба министри Сахди Каримзода жана тышкы иштер министринин орун басары Имоми Содик Ашурбойзода тосуп алышты. "Үйгө келгендей болдум", - деди Лукашенко тажик делегациясы менен учурашып жатып. Аэропортто президент премьер-министр менен кыскача баарлашып, аны менен өлкөдөгү кырдаалды жана оруп-жыюу иштеринин жыйынтыгын, эки тараптуу мамилелерди талкуулады.

Александр Лукашенко бүгүн Дүйшөмбүдө тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда тар жана кеңейтилген курамда өтөт.

edita