Үйдөн жоголгон ташбака 30 жылдан кийин чатырдан табылган
Бразилияда жоголгон ташбака 30 жылдан кийин үйдүн чатырынан табылган. Бул тууралуу чет элдик басмалар жазып чыгышты.
Бразилиянын тургуну Наталья Де Альмедиа 1982-жылы апасынын сүйүктүү ташбакасы жоголуп калганын айткан. Мануэла аттуу ташбака үйдү оңдоп-түзөө иштери учурунда жоголуп кеткен. Аны көпкө издеп таппай, кийинчерэкк турмуш шартка байланыштуу башка жакка көчүп кетишкен. 31 жыл өткөн соң, 2013-жылы өгөй атасы каза болгондо апасы маркумдун кийим-кечелерин иретке келтиргени эски үйүнө келгенде Мануэланы тирүү көрүп көргөн көзүнө ишенген эмес. "Апам ташбакасы табылганына ишене албай сүйүнүп, ыйлап келди", - деп эскерген Наталья.
Ташбака жаңы үйгө келип, ээси менен жашап жатканына быйыл 9 жыл болгон. 30 жыл кароосуз калган ташбаканы ветеринарга текшертишкенде ал ургаачы эмес, эркек болуп чыккан. Ошого байланыштуу аны Мануэла эмес, Мануэль деп атап алышкан.
Белгилей кетсек, ташбакалар эң узакка жашоочу жаныбарлар. Алар 150-200 жылга чейин жашаары маалым.