Японияда сыранын чынысын жеп башташат. Сүрөт
Япониялык «Asahi Breweries» компаниясы жегенге мүмкүн болгон сыра чынысын («Mog Cup») чыгарды. Компания сайтында жарыялаган маалымат боюнча, бул чыныларды ичиндеги сыраны ичкенден кийин «закуска» катары жесе болот.
«Бир жолку желим идиштерди колдонуу дүйнө жүзү боюнча олуттуу экологиялык көйгөй болуп саналат. Керектөөчүлөр, уюмдар жана өкмөттөр бул көйгөйдүн планетага тийгизген таасирин минималдаштыруунун жаңы ыкмаларын түзүүгө аракет кылып жатышат»,- деп айтылат билдирүүдө.
«Mog Cup» крахмалды жогорку температурада кармоо менен жасалат. Алар сууну бөлмө температурасында бир сааттай кармашат. Чынылар үч көлөмдө болот, алардын ар бири үч даамдан турат: жөнөкөй, креветка күрүч крекери жана шоколад.