SerepTV Logo

Япония өкмөтү толугу менен отставкага кетти

Япония өкмөтү толугу менен отставкага кетти

Премьер-министр Ёсихидэ Суга жетектеген Япония өкмөтү толугу менен отставкага кеткенин Kyodo News жазып чыкты.

2020-жылдын сентябрында премьер-министр болгон Суга сентябрдын башында партиянын лидери кызматына өзүн көрсөтүүдөн баш тартканын жарыялаган, бул иш жүзүндө анын өкмөт башчылыгынан кетүүсүн билдирген. 2012-2017-жылдары Синдзо Абэ өкмөтүндө тышкы иштер министри болуп иштеген Фумио Кисида 29-сентябрда өткөн партиялык шайлоодо жеңип чыккан.

4-октябрда Япония парламентинин эки палатасы тең премьер-министрдин талапкерлигине добуш беришет, андан кийин ал министрлер кабинетин дайындайт. Өкмөт башчысы партиялар көрсөткөн талапкерлердин көпчүлүк добушу менен шайланат. Ошентип, парламентте көпчүлүк орунга ээ болгон партиянын башчысы премьер-министр болуп калат. Эми мындай партия Либерал-демократиялык партия, башкача айтканда, Фумио Кисида Япониянын 100-премьери болот.

Мурдагы өкмөттөн жаңы министрлер кабинетине үч адам өтөт: тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги менен коргоо министри Нобуо Киси кызматтарын сактап калышат, ал эми илим жана билим берүү министрлигин жетектеген Коити Хагиуда экономика, соода жана өнөр жай министри болот.

edita