Wildberries'тин негиздөөчүсү фамилиясын өзгөрттү
Wildberries компаниясынын ээси Татьяна Бакальчук мурдагы фамилиясын алды. Бул тууралуу маалымат каражаттар жазды.
"Эң мыкты тандоо бул - өзүң менен өзүң болуу. Силердин Татьяна бүгүндөн баштап кайра Ким болду", - деп жазды Орусиянын эң бай аялдарынын бири жана Wildberries компаниясынын ээси.
Ишкер 20 жылдан ашык чогуу жашап, жети бала төрөгөн Владислав Бакальчук менен ажырашып кеткенден кийин баштапкы фамилиясын кайтарып алган.