SerepTV Logo

Владимир Путин Медведевди жаңы кызматка дайындады

Владимир Путин Медведевди жаңы кызматка дайындады
Орусиянын президенти Владимир Путин коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевди илим жана билим берүү боюнча президенттик кеңештеги өзүнүн орун басары кызматына дайындады. Кеңеште Путиндин жардамчысы Андрей Фурсенко жана коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Юрий Аверьянов дагы бар. Мамлекет башчысынын жарлыгында аталган кеңеш илимий-техникалык чөйрөнү жана билим берүүнү өнүктүрүү, Россиянын илимий өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, ошондой эле өкмөт тарабынан мамлекеттик маанидеги инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана президенттин жеке чечимин талап кылган программаларды ишке ашыруу максатында түзүлгөндүгү белгиленди.
edita