SerepTV Logo

Владимир Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Владимир Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу ТАСС агенттигине өлкө башчысынын пресс-катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, Путиндин абалы жакшы, ал бүгүн кадимкидей жумуш күнүн өткөрүүдө. Путин кайсы вакцина менен эмделгени ачыкталбайт. Дмитрий Песковдун айтымында, Орусиянын президенти өлкөдө иштелип чыккан үч вакцинанын бири менен эмделди. Орусияда «Спутник V», «ЭпиВакКорона» жана «КовиВак» вакциналары иштелип чыккан.
Unknown Author