SerepTV Logo

"Унаа экиге бөлүнүп калган". Бишкек - Алматы жолунда үрөй учурган жол кырсык катталды (видео)

"Унаа экиге бөлүнүп калган". Бишкек - Алматы жолунда үрөй учурган жол кырсык катталды (видео)

Бишкек - Алматы жолундагы жол кырсыкта унаа экиге бөлүнүп кеткен. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Социалдык тармактарда кырсык болгон жерден видео жарыяланды. Алматы облусунун полициясы кырсыктын чоо-жайын айтып берди. Маалым болгондой, кырсык 24-апрель күнү саат 09:20да болгон. Айдоочу аман калган, бирок реанимацияда.

"Алматы-Бишкек унаа жолунун 33-чакырымында бара жаткан Мерседес үлгүсүндөгү унаанын 61 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Мерседес унаасынын айдоочусу жаракат алган. Ал Каскелен шаарынын борбордук райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылды», - деп айтылат маалыматта.

 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Криспи | Алматы (@kris_p_almata)

edita