Улуу Британиялык өзүнүн тапкычтыгы менен жолдогу чуңкурду 4 күндө жаматкан
Улуу Британиялык Жеймс Коксолл бийлик 8 ай көрмөксөн болгон жолдогу чуңкурга адамдын буттарынын муляжын орноткон. Сүрөт социалдык тармактарга тараган соң, 4 күндөн кийин жолду оңдошкон.
Ал эми дагы башка жолдогу чуңкурга эшиктин бир бөлүгүн кармап турган "Титаниктин" башкы каармандарын жасагысы келерин айткан.