Улуу Британияда коронавируска каршы дары жасала баштады
Улуу Британия коронавируска каршы дары жасай баштады. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон билдирди.
Ал дары күздө күтүлүп жаткан коронавирустун үчүнчү толкуну менен күрөшүүгө жардам берет деп ишенет. Дарынын иштелип чыгышын жана келечектеги сыноолорун көзөмөлдөө үчүн жумушчу топ түзүлүп жатат. Жонсон чет өлкөдө оорулардын саны өсүп жаткандыгын жана пандемиянын жаңы толкуну болушу ыктымалдыгын моюнга алды.
“Вируска каршы дары-дармектер эмдөө жана массалык тестирлөө менен катар коронавируска каршы күрөшүүнүн үчүнчү ыкмасы болушу мүмкүн”, - деди ал.