Украинадагы кырдаал. Миңдеген жарандар Польшага кирүүгө аракет кылууда (видео)
Социалдык тармактарда Украина менен Польшанын чек арасындагы абалды чагылдырган видео жарыяланды. Анда миңдеген адамдардын коңшу өлкөнүн аймагына өтүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.
Маалыматтарга караганда, чек арадан өтүү үчүн эл 12 саат кезек күтүүгө аргасыз болуп жатышат. Мындан тышкары, өлкөдөн аялдар менен балдар гана чыга алат. 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге Украинадан чыгууга тыюу салынган. Буга чейин БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди Украинадан 150 миңден ашуун адам чыгып кеткенин билдирген.