Никени сактап калган жаакка чабуу! Уилл Смиттин жубайы ымандай сырын бөлүштү
Жада Пинкетт-Смит жолдошу Уилл Смиттин алып баруучунун жаакка чаап жибергени жолдошу экөөнүн мамилесин сактап калганын айтты.
- Өткөн жылы Голливуд актёру Уилл Смит алпаруучу Крис Рокту жаакка чаап жиберген. Алып баруучу сыйлыктын ээсин жарыялоо алдында актёрдун жубайы Жада Пинкетт-Смиттин кыска болуп кыркылган чачын тамашага алмакчы болгон. «Жейда, сени жакшы көрөм, сени «Жоокер Жейн» тасмасынын экинчи бөлүгүнөн көрүүнү чыдамсыздык менен күтөм» деген алып баруучу аны аталган фильмдеги чачы кырдырылып тартылган Деми Мурдун персонажына салыштырган. Бул тамаша орунсуз эле. Анткени актёрдун жубайы аутоиммундук оорудан жабыркап келет жана андан жапа чеккендердин чачы түшөрү маалым. Жада Пинкетт-Смит башында бул дартын жашырып келгени менен кийин ачык айтып калган. Алпаруучунун сөзүнөн кийин Уилл Смит сахнага чыгып, Крис Рокту жаакка чаап, кайра ордуна келген соң, атактуу алпаруучуга «аялыма тийбе» деп кыйкырган.
Ошондой эле Red басылмасы менен болгон маегинде ал мындай деген: "Мен Уилл үчүн чындап эле тынчсызданып жаттым. Ошол учурда мен мамилебиз канчалык кыйын болбосун, эч нерсеге карабастан мен анын жанында боло турганымды түшүндүм".