SerepTV Logo

Угандада жүздөгөн адамдарга жасалма вакцина сайылган

Угандада жүздөгөн адамдарга жасалма вакцина сайылган
Африкадагы Угандада эң аз 800 кишиге жасалма вакцина сайылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Коронавируска каршы жасалма эмдөө 15-майдан 18-июнга чейин борбор калаа Кампаланын ооруканаларында жасалган. Бул маселе боюнча маалымат берген саламаттыкты сактоо кызматкери Уоррен Намара: "Май айынын ортосунан бери жасалма вакцина алган адамдардын саны кеминде 800 адамды түзөт. Бул дагы көптөгөн адамдарга берилген болушу мүмкүн", - деп билдирген. Окуяга тиешеси бар 2 адам кармалып, эмдөөдөн өткөргөн дарыгерлер изделгени маалым болду.
Unknown Author