Түштүк Кореядагы учак кырсыгы: 179 адам каза болуп, 7 күндүк аза күтүү жарыяланды
Түштүк Кореянын Муан шаарында 29-декабрдын таңында аэропортто катталган учак кырсыгында каза болгон 179 адамдын сөөгү табылганын Tengrinews.kz жазды.
"29-декабрь күнү саат 21:07ге карата Jeju Air учагынын кыйрашынан каза болгондордун саны 179 адамды түздү", — деп айтылат агенттиктин маалыматында.
Түштүк Кореянын президентинин милдетин аткаруучу Чхве Сан Мок 29-декабрдан 4-январга чейин 7 күндүк улуттук аза күтүү жарыялады.
Учактын кыйрашынын себептери азырынча так айтыла элек, негизги версияларга канаттуулардын соккусу, кыймылдаткычтагы жана шассидеги бузулуулар, тормоздук системалар жана учуу тилкесинин жетишсиз узундугу кирет.
https://youtu.be/YLpC7hxPxGQ