SerepTV Logo

Түштүк Кореяда кичинекей балдар менен кафеге барууга тыюу салына баштады

Түштүк Кореяда кичинекей балдар менен кафеге барууга тыюу салына баштады

Түштүк Корея кичинекей балдары бар конокторду кабыл албаган мекемелердин пайда болушуна туш болду. Чеджу илим-изилдөө институтунун акыркы маалыматтарына ылайык, өлкөдө алардын 542си бар. 

Балдарга тыюу салынган зонасы бар мекемелерди таануу кыйын эмес: адатта мындай жайлардын эшигинде атайын белги болот. Мындай мекемелердин көбөйүшүнө ишкерлер ар кандай жүйөлөрдү келтиришүүдө.

Кээ бир кафе-ресторандар балдар кардарлардын тынчын алат деп кооптонушса, башкалары бул коопсуздук жана материалдык зыяндын алдын алуу менен шартталган деп эсептешет.

Мындай жерлердин санынын тездик менен өсүп жатканы ата-энелерди тынчсыздандырууда. Алар мындай темп менен балдар коомго аралаша алышпайт жана коомдо өзүн алып жүрүүгө үйрөнүшпөйт деп кооптонушат.

edita