SerepTV Logo

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы көз жумду

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы көз жумду
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы Мяликгулы Бердымухамедов 89 жаш курагында кайтыш болду. Бул маалыматты «Тurkmen.news» басылмасы жарыялады. Бирок эмнеден улам каза болгону айтылган эмес. Мяликгулы Бердымухамедов 1932-жылы 12-августта жарыкка келген. Ички иштер органдарында подполковник болуп, отставкага чыккан. Анын ысымы бир катар объекттерге, анын ичинде аскер объекттерине ыйгарылган.
edita